Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары-Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмаз Жээналиев түнкү убакытта Чүй облусунун суу камсыздоо объектилерин көрүп, сугаруу процессинин жүрүшүн жана дыйкандарга суу берүү
Пятница, 11 Июль 2025 04:44

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары-Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмаз Жээналиев түнкү убакытта Чүй облусунун суу камсыздоо объектилерин көрүп, сугаруу процессинин жүрүшүн жана дыйкандарга суу берүү

 

Аталган иш-чара сугаруу системаларынын түнкү сааттарда канчалык натыйжалуу иштеп жатканын баалоо максатында жүргүзүлдү, анткени бул айыл чарба өсүмдүктөрүн эффективдүү сугаруу үчүн өтө маанилүү.

Белгилеп кетсек, учурда сугат суу дыйкандарга суу жүгүртүү (водооборот) ыкмасы аркылуу жеткирилүүдө. Бул ыкма суунун рационалдуу колдонулушун камсыз кылып, ресурстардын үнөмдүүлүгүн арттырат.

“Түнкү сугаруу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Дыйкандарга сууну түнү берүү мөмө-жемиштердин жакшы түшүмүн алууга шарт түзөт. Ошондой эле суу жүгүртүү системасын колдонуу менен биз сууну натыйжалуу пайдаланууга жетише алабыз”, — деп белгиледи Алмаз Жээналиев.

Ошондой эле текшерүү учурунда насостук станцияларды жана суу камсыздоо объектилеринин техникалык абалы каралды, ошондой эле фермерлердин жергиликтүү органдар менен болгон өз ара иши талданды.

Министрдин орун басары бул сыяктуу текшерүүлөр өз убагында системадагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоого жардам берип, айыл чарба секторунда терс кесепеттердин алдын алууга мүмкүнчүлүк берерин айтып өттү.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча Чүй облусунда суу камсыздоо системасынын туруктуу иштеши белгиленген, бирок суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

 

 

  

  

 

 

 

Read 159 times Last modified on Вторник, 22 Июль 2025 04:26
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…