Тоң районунда эки жаңы суу сактагыч курулууда
Пятница, 11 Июль 2025 04:37

Тоң районунда эки жаңы суу сактагыч курулууда

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Күн-Чыгыш” жана “Төрт-Күл” айыл аймактарынын аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон “Үч-Коргон” суу сактагычтын курулушу кызуу жүрүп жатат.
Суу сактагыч географиялык жактан эң ыңгайлуу жайгашкан — үч тарабын тоолор курчаган саздак аймак, болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт.
Суу сактагыч жалпы 4113 гектар сугат жерди суу менен камсыздайт, анын ичинде Тон, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл жана Б.Мамбетов айыл аймактарынын айдоо жерлери бар. Мындан тышкары, 817 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, дагы 2000 гектар аз суу алган аймактарга сугат суу жеткирүү жакшыртылат.
Суу сактагыч 4,3 миллион м³ көлөмдөгү суу сактоого жөндөмдүү болот. Монолит темир-бетондон курулуп жаткан суу берүүчү башня секундуна 17,7 м³ суу өткөрө алат.
Бүгүнкү күнгө карата жалпы курулуштун 85% ийгиликтүү аткарылды.
Мындан сырткары, Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагында, Ак-Сай өзөнүнүн “Чокмор-Ата” участкасында жаңы күнүмдүк жөнгө салуу бассейни курулууда.
Бул суу сактагыч жалпы 1854 гектар сугат аянтын суу менен камсыздоого багытталган. Учурда суу жетишсиздигинен улам, 260 гектар үлүш жер сугарылбай келет. Жаңы суу сактагыч курулса, бул жерлерге кошумча 150 гектар жаңы сугат жер кошулуп, жалпысынан 700–750 гектар аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.
Суу сактагычтын долбоордук сыйымдуулугу 1,4 млн м³ түзөт. Суу топтоочу дамба курулат.
Жогоруда аталган эки суу сактагыч Тоң районундагы сугат суунун тартыштыгын чечүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот 

  

  

Read 138 times Last modified on Понедельник, 14 Июль 2025 04:38
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…