Кыргызстанда суу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында ири ирригациялык иштер жүрүп жатат.
×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: media/k2/galleries/3463

Пятница, 11 Июль 2025 04:10

Кыргызстанда суу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында ири ирригациялык иштер жүрүп жатат.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев республиканын баардык аймактарын кыдырып, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга тынымсыз аракеттерди көрүп, суу тармагында үлкөн иштерди жүзөгө ашырып жатат.

Кыргызстанда сугат суу маселеси — айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшү үчүн негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Айрыкча соңку жылдары климаттын өзгөрүшү, жаратылыш кырсыктары жана суу булактарынын тартыштыгы дыйкан-фермерлерди бир топ түйшөлтүп келет. Бул көйгөйдү чечүү максатында өлкө аймагында ирригациялык системаларды оңдоо, жаңыларын куруу жана суу чарбасын модернизациялоо боюнча кеңири көлөмдөгү иштер жүргүзүлүүдө.


Өлкө жетекчилиги тарабынан ирригация тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик деңгээлде ири инвестициялар тартылууда. Жаңы суу каналдары, дамбалар жана насос станциялары курулуп, эски системалар кайра жаңыртылып жатат. Бул аракеттер биринчи кезекте дыйкандардын сугат сууга болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн жана сапатын арттырууга багытталган.

Мындан сырткары, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, суунун жоготууларын азайтуу жана дыйкандардын маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча да үзгүлтүксүз аракеттер көрүлүүдө.


Натыйжада, ирригациялык системаларды жакшыртуу — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл жериндеги элдин турмуш деңгээлин көтөрүү жана экономикалык туруктуулукту сактоо үчүн маанилүү кадамдардын бири болуп калууда.

 

   

  

 

Read 150 times Last modified on Понедельник, 14 Июль 2025 04:32

Image Gallery

{gallery}3463{/gallery}
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…