2017–жылдын 05-июнуна карата план боюнча көлөмү 1576,9 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –1005,0 млн.м3 түзүп, план 64 пайызга аткарылган. План боюнча – 1045,1 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 664,3 миң гектар аянты сугарылып, план 64 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 664,3 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 438,5 миң га, экинчи сугаты менен – 36,6 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган -438,5 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 59,0 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 130,8
- дан жүгөрү – 38,7
- жашылчалар – 59,6
- мөмө жемиш бактары – 21,0
- кант кызылча – 0,8
- пахта – 5,3
- төө бурчак – 10,6
- күрүч – 5,2
- башка өсүмдүктөр – 107,4
Экинчи сугаты менен сугарылган – 36,6 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 9,8
- көп жылдык чөптөр – 8,1
- дан жүгөрү – 1,2
- жашылчалар – 6,1
- мөмө жемиш бактары – 6,5
- төө бурчак – 0,2
- күрүч – 1,3
- башка өсүмдүктөр – 3,4 миң га.