Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары алмашты
Пятница, 25 Апрель 2025 10:07

Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары алмашты

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев жамаатка директордун жаңы орун басары Бактыбек Анаркуловду тааныштырды.
Бактыбек Анаркулов суу чарба жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча тажрыйбалуу адис, мамлекеттик жана инженердик кызматта 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар.
Ал 1965 — жылы туулган, эки жогорку билимге ээ, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун (адистиги-инженер-гидротехник) жана Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин (адистиги – юрист) бүтүрүүчүсү.
Бул дайындоого чейин Анаркулов мамлекеттик башкаруу системасында бир катар негизги кызматтарды ээлеп келген. Анын акыркы 10 жылдагы тажрыйбасы:
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) (2018-2021-жж.),
КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары,
"Гидрострой-долбоор" долбоордук уюмунун директору,
Жалал-Абад БСЧБ (Бассейндик суу чарба башкармалыгы) башчысы.
Суу секторун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бактыбек Кочкорович бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга, анын ичинде КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасына, ошондой эле Мамкомитеттин жана суу чарба департаментинин сыйлыктарына татыктуу болгон. Ошондой эле ага "КР Суу чарба жана мелиорация отличниги" жана “Айыл чарба кызматынын отличниги” наамы ыйгарылган.
Эскерте кетсек, буга чейин директордун орун басары кызматын Улукбек Баялиев аркалап келген. Ал жаңы жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Read 308 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…