Бүгүн, 17-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас районунун Көк-Кашат айылындагы капиталдык оңдоодон өткөн “Жан” каналына барды.
Аталган каналга сугат суу Талас дарыясынан алынат. Сугат аянты – 1039 гектарды, каналдын узундугу 10,5км түзүп, Талас районунун Кең-Кол айыл өкмөтүнүн айдоо талааларын сугат суу менен камсыздайт. Каналдын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5м3/сек. “Жан” каналы аркылуу каналдын аягындагы БСРга (бир күндүк суу топтоо көлмө) түнкүсүн суу толтуруп берилип турат. БСРдын суу толуу көлөмү – 0,045млн.м3.
2024-жылы мамлекеттик каражат эсебинен Жан каналынын 0,335км монолиттик бетондолгон.
2025-жылы мамлекеттик каражат эсебинен 0,300км канал монолиттик бетондолду.
Жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн каналдын курулушунун сапатын көзөмөлдөн өткөргөн министр Бакыт Төрөбаев учурда республика боюнча ирригация тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө маани берилип, дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуу багытында БДР, БСРлерди, жаңы каналдарды куруу, оңдоп бетондоо сыяктуу иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле, сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын, жаңы заманбап технологияларды колдонуп жамгырлатып, тамчылатып сугарууга өтүү мезгил талабы экенин кошумчалады.
