Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Вторник, 15 Апрель 2025 09:48

Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жаңы министрдин орун басарын-Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары - директор болуп Нурлан Жумаев дайындалды.

Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан ары Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясын аяктаган.
Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.

2002 - жылдан баштап ар кандай түзүмдөрдө жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), мамлекеттик токой кызматында жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).

2010 — жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.

2015-2021 — жылдары айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

2021-2024-жылдары айыл чарба министрлигинин токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024 — жылдын март айынан КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Read 415 times Last modified on Вторник, 15 Апрель 2025 09:49
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…