Сугат мезгилине даярдык көрүү максатында 179,4 км чарба аралык канал тазаланды
Среда, 19 Март 2025 10:01

Сугат мезгилине даярдык көрүү максатында 179,4 км чарба аралык канал тазаланды

 

Бүгүн, 19-мартка карата Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 179,4 км чарба аралык каналдарды тазалоо иштери аткарылды.

Ушул жылга карата ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4,8 млрд сом, таза суу объекттерин курууга 2,0 млрд. сом каржылоо пландалууда.
Бул каражатка 500,0 км каналдарды оӊдоо жана тазалоо, 500,0 миң кв. м. каналдарга бетон полотносун төшөө, 755 гидротехникалык курулмаларды, 200 суу өлчөөчү постторду, 91 насостук станцияларды, 156 насостук агрегаттарды оңдоо жана калыбына келтирүү, 40 насостук агрегатты жаңылоо, 272,0 км коллектордук-дренаждык системаны тазалоо пландалды.
2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат айдоо жерлерин орточо 4-5 жолу сугаруу үчүн 6,8 млрд куб метр суу берүү пландалды. Ошондой эле 20,0 миң га аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулат.

Read 338 times
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…