2017–жылдын 01-июнуна карата план боюнча көлөмү 1316,4 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү – 865,6 млн.м3 түзүп, план 66 пайызга аткарылган. План боюнча – 869,1 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 573,9 миң гектар аянты сугарылып, план 66 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 573,9 миң гектардын ичинен – 182,0 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен – 369,3 миң га, экинчи сугаты менен – 16,1 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган 369,3 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 54,7 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 111,8
- дан жүгөрү – 17,8
- жашылчалар – 53,1
- мөмө жемиш бактары – 19,0
- кант кызылча – 0,6
- пахта – 0,9
- төө бурчак – 6,4
- күрүч – 4,9
- башка өсүмдүктөр – 100,1
Экинчи сугаты менен сугарылган – 16,1 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 2,1
- көп жылдык чөптөр – 2,2
- жашылчалар – 5,0
- мөмө жемиш бактары – 5,9
- башка өсүмдүктөр – 1,0 миң га.