Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири Лейлектеги «Арка» каскаддык насостук станциясы толук оңдолуп, суу бере баштады. Бул тууралуу Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Базарбай Асанов билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда аталган насостук станция толук ишке кирген. «Арка» каскаддык насостук станциясы тарабынан Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагына жалпысынан 3111 гектар жерге суу жеткирилет. Азыркы учурда толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, суу айдалууда», - деди ал.