Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл аймагынын Букара айылындагы 250 метр жерге коюлган суу жүргүзүлүүчү лотоктор көзөмөлдөндү. Булар аркылуу тоо этегиндеги 2 айылдын 200 гектар аянты сугат суу менен камсыздалат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ринат Момуналиев билдирди.
Калкы 5445 болгон Орто айыл аймагында Кум-Арык, Тельман жана Букара айылдары жайгашкан.
«Тоо этегиндеги айыл аймактарында жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Аларды таза жана сугат суу менен камсыздоодо аракеттер жүргүзүлүүдө. Былтыр 2023-жылдын декабрь айында Букара айылында 200 метр жерге сугат суу жүргүзүлүүчү лотоктор коюлган. Ага 1 млн 365 миң сом каржыланган. Жазга карата даярдыктардын жүрүшүнүн алкагында лотоктордун абалы менен райондун акими Бекмаат Масаидов таанышты. Бул лотокторго Чоң- Кайыңдыдан суу агып келип, Букара жана Тельман айылдарынын 200 гектар айдоо аянтын сугат суу менен камсыздайт», - деди айыл өкмөт башчы.
Букара айылында 1400 жана Тельман айылында 1900 адам жашайт.
https://www.turmush.kg/news:580842/?from=turmush&place=translate
видео здесь: