Токтогул районундагы М-1 жана М-2 каналдарында үбөлөнүп, түбү оюлуп, суу өткөрүүгө таптакыр жараксыз болуп калган лотоктор алмаштырылып жатат.
Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Алмамбет Орозбаевдин айтымында, М-1 каналынын жалпы узундугу 18 чакырымды түзөт.
«52 жылдан бери элге сугат суу берүүдө колдонулуп келген каналдын айрым лотоктору жарылып, түбү тешилип калган жерлери болгондуктан, суу жоготуулар орун алып келчү. Акыркы 2 жылдан бери каналга кол тийип, оңдоолорго шарт жаратыла баштады. Былтыркы жылы да таптакыр жараксыз абалга кептелген жерлерин алмаштырышкан. Быйыл да 78 даана лоток келип, каналдагы оңдоого муктаж жерлерин алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Быйыл да 1 чакырымдай лоток алмашат», - деди ал.
Мындагы канал аркылуу 400 гектардай жерге суу берилет. Жергиликтүүлөр негизинен көп жылдык өсүмдүк, жүгөрү эгишет.
Райондогу ирригация тармагын жакшыртуу үчүн чарбалар аралык каналдарды механикалык тазалоодон өткөрү жумушу башталып, 4 чакырымы бүтүп калды.
Токтогул райондук суу чарба башкармалыгында 8 насостук станция, 22 агрегат бар. Чарбалар аралык каналдын узундугу 114 чакырымды түзөт.
Аталган районго ирригация тармагына титулда 24 миллион сом каралган. Алдыда насостук станциялардагы кыймылдаткыч, насостор алмашат.
https://www.turmush.kg/ky/news:582482