2017 –жылдын 15-майына карата план боюнча көлөмү 1004,3 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү- 434,1 млн.м3 түзүп, план 43 пайызга аткарылган. План боюнча – 660,6 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп -293,7 миң гектар аянты сугарылып, план 44 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 293,7 миң гектардын ичинен -177,1 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты менен -111,0 миң га, экинчи сугаты менен -5,6 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган 111,0 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 25,9 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 34,4
- дан жүгөрү –1,5
- жашылчалар –16,0
- мөмө жемиш бактары –9,6
- төө бурчак -0,5
- күрүч – 0,5
- башка өсүмдүктөр -22,6
Экинчи сугаты менен сугарылган -5,6 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 1,0
- мөмө жемиш бактары –4,2
- башка өсүмдүктөр -0,4 миң га.