Суу пайдалануучулар Ассоциацияларынын (СПА) 2017-ж. ички чарбалык ирригациялык түйүндөрүнүн сугат мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат
Понедельник, 17 Апрель 2017 00:00

Суу пайдалануучулар Ассоциацияларынын (СПА) 2017-ж. ички чарбалык ирригациялык түйүндөрүнүн сугат мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация Департаментине караштуу  суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Республика боюнча 2016-жылы сугат  мезгили бүткөндөн кийин, дефекттик актыларды түзүштү, андан кийин 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында СПАлар 2017-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча пландар түзүлүп, пландарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, райондук жана облустук администрация башчылары тарабынан бекитилди.

Ушул түзүлгөн пландардын негизинде, 2017-жылдын 11-апрелине Республика боюнча оӊдоо, тазалоо иштеринин аткарылганы төмөндөгүдөй:

– Сугат каналдардын жалпы узундугу 17 999,0 км түзөт, анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы –  3669,8 км, аткарылганы – 1516,6 км.

– Каналдарды механикалык тазалоонун планы – 1534,1 км, аткарылганы – 956,9 км.

– Каналдарды кол күчү менен жана «Ашар» ыкмасы менен тазалоо планы – 3540,2 км, аткарылганы – 1680,4 км.

– Суу өлчөгүчтөрдүн саны 1065 даананы түзөт, анын ичинен план боюнча – 290 даана, аткарылганы – 180 даана.

– Гидрокурулмалардын саны 20089 даананы түзөт, план боюнча – 3727 даана, аткарылганы – 1678 даана.

Ички чарбалык сугат каналдарын вегетацияга даярдоо жумуштарына 16079 адам тартылган, бул жумуштарда 175 экскаватор, 84 трактор жана 3 жеӊил авто унаасы иштеди.

СПАлардын каналдарын жана каналдарга тиешелүү болгон курулмаларын

2017- жылдын сугат мезгилине чейинки оңдоого жана тазалоого план боюнча

67576,3 миң сом акча каражаты каралып, аткарылганы 38767,2 миӊ сом.

Read 4469 times Last modified on Понедельник, 17 Апрель 2017 03:31
Login to post comments

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…