2017-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүү боюнча март айынан баштап республика боюнча жазгы ным топтоо сугаттары жүргүзүлүүдө.
Облустун аталышы | Суу берүү, млн.м3 | Сугарылган аянты, миң га | ||||
план | факт | % | план | факт | % | |
Баткен | 63,5 | 39,3 | 62 | 44,8 | 27,7 | 62 |
Ош | 54,2 | 11,1 | 20 | 38,5 | 7,8 | 20 |
Жалал-Абад | 59,7 | 44,2 | 74 | 30,5 | 22 | 72 |
Ыссык-Көль | 45,2 | 23,4 | 52 | 32,3 | 14,6 | 45 |
Чүй | 43,8 | 16,7 | 38 | 36,9 | 14 | 38 |
Талас | 37,3 | 17,4 | 47 | 17,8 | 7,2 | 40 |
Бардыгы: | 303,7 | 152,1 | 50 | 200,8 | 93,3 | 46 |
2017-жылдын 10-апрелине карата жалпы Республика боюнча ным топтоо сугаттарына көлөмү – 152,1 млн.м3 суу берилип план 50% аткарылган. Берилген суу менен – 93,3 миң гектар аянты сугарылып, план 46% аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча дан эгиндери –13,2 миң га, көп жылдык чөп – 30,3 миң га, мөмө-жемиш бактары – 21,7 миң га, жашылчалар – 3,8 миң га, башка өсумдуктөр – 22,3 миң гектар аянты сугарылган.
Ным топтоо сугаттарын жүргүзүү боюнча Джалал –Абад, Баткен облустары жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.
2017-жылдын 10-апрелине карата республика боюнча суу пайдалануучулар менен сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө көлөмү- 2885 млн.м3, төлөмү – 67,0 млн.сомго келишимдери түзүлдү.
Саны 270 Суу пайдалануучулар ассоциациясылары, 500 дыйкан чарбалары, 10 өнөр жай ишканалары, жана 75 башка чарбалар менен келишимдери түзүлдү.