2017-жылдын 27-мартына карата 135 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 145,0 млн.сомдук план-тапшырманын 93% түздү.
– 409,7 км каналдар оңдолуп, план боюнча 448,3 км, же 91%;
– 312,5 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен ширендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 341,1км же 92%;
– 1050 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1151 же 91%;
– 1081 даана суу өлчөөчү посттор оңдолгон, план боюнча 1170 же 92 %;
– 97 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 106, же 92 %;
Суу чарба объектилердин 2017-жылдын вегетация мезгилине даярдоо, оңдоо иштерин бүткөрүү мөөнөттөрү план боюнча:
– Баткен, Ош жана Жалал-Абад Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2017-жылдын 10-апрелге карата;
– Чүй жана Талас Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2017-жылдын 20-апрелге карата;
– Ысык-Көл жана Нарын Бассейндик суу чарба башкармалыктары 2017-жылдын 1-майына карата;
– Орто-Токой, Киров жана Папан суу сактагычынын башкармалыктары 2017-жылдын 25-мартына карата.