Кредиттер

 

СПАлардын ички чарбалык тармактарын калыбына келтирүүгѳ жана  техникага  алынган кредиттин кайтарымы боюнча маалымат 01.04.2017

         Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ички чарбалык тармактарын калыбына келтирүүгѳ жана  техникага алынган кредиттин кайтарымы боюнча облустук, райондук СПАларды колдоо бѳлүмүнүн адистери жеринде тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында тѳлѳѳ боюнча түшүндүрүү иштерин  жүргүзүп келүүдѳ. Облустук, райондук СПАларды колдоо бѳлүмдѳрүнүн адистери ѳздѳрүнүн күнүмдүк ишинде СПАлардын Кеӊешине жана жетекчилерине  кредиттин кайтарымын тѳлѳѳ маселеси боюнча такай практикалык жардам кѳрсѳтүп, консультация берип турушат.

Жергиликтүү бийликтин катышуусу менен кредитти ѳз убагында тѳлѳѳ маселелери каралат. Кредиттин кайтарымын тѳлѳѳ жыл сайын жакшырууда. Кредиттин кайтарымын тѳлѳѳ графиктен кечикени менен, СПАлар тѳлѳѳдѳн баш тартышкан жок. 

         Алынган кредиттин кайтарымын ѳз убагында тѳлѳнбѳгѳндүгүнүн негизги себептери:

  1. Айыл ѳкмѳтү бүгүнкү күндѳ СПАлар үчүн гарант эмес;
  2. СПАлардын бюджети тѳмѳн, ошондуктан тѳлѳѳ мүмкүнчүлүгү аз;
  3. СПАлардын башчыларынын тез-тез алмашып туруусу;
  4. СПАлардын соттук маселелерин түшүнбѳстүгү;

 

Облустардын аталышы

Алынган кредиттин кайтарым суммасы, сом

Тѳлѳнгѳнү

сом

%

1

Баткен

63 848, 000

9 083,082

14,2

2

Жалал-Абад

92 856,18

8 800,713

9,5

3

Ош

95 193,36

10 737,42

11,3

4

Талас

33 327,33

5 090,48

15,3

5

Чүй

171 116,70

12 228,30

7,1

6

Нарын

40 155,01

5 107,54

12,7

7

Ысык-Кѳл

72 346,97

5 252 735

7,2

 

Республика боюнча:

568 843,55

51 089,325

9,0

СРМА

 

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары Мамлекеттик агенттиги

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…