Суу ресурстары кызматынын жобосу

 

 

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы
№ 98 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 69, 2025-жылдын 20-майындагы N 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
  2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
  3. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин тескемелерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  4. Кызмат өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, суу мамилелеринин субъекттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
  5. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдердеги белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуттары болот.
  6. Кызмат өзүнө бекитилип берилген, негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан жана башка материалдык баалуулуктардан турган мүлктү оперативдүү башкарат.
  7. Кызмат ага бөлүнгөн жана суу ресурстарын башкаруу, жөнгө салуу, сарамжалдуу пайдалануу максаттарына, ошондой эле мамлекеттин менчигинде турган суу чарба инфраструктурасынын объекттерин жана башка суу чарба системалары менен курулмаларын күтүүгө, эксплуатациялоого жана өнүктүрүүгө топтолгон бюджеттик жана башка каражаттардын тескөөчүсү болуп эсептелет.

Кызматтын каржылоо булагы болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен түшүүчү каражаттар жана атайын эсептерде топтолгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн каражаттар саналат.

  1. Кызматтын расмий аталышы:

толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы";

- расмий тилде: "Служба водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей Кыргызской Республики";

кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "СРК";

- расмий тилде: "СВР".

  1. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4 а.

2-глава. Кызматтын максаттары

  1. Кызматтын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- суу ресурстарын интеграциялык башкаруу механизмин киргизүү;

- суу ресурстарын жана суу чарба инфраструктурасынын объекттерин туруктуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;

- ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо-турмушунун туруктуу чөйрөсүн түзүү;

- суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттер аралык кызматташууну камсыздоо жана башка мамлекеттер аралык суу мамилелерин жөнгө салуу.

3-глава. Кызматтын милдеттери

  1. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- суу ресурстарын пайдаланууну жана аларды ирригациялык максаттар үчүн берүүнү башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу;

- ирригациялык инфраструктуранын объекттерин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча суу ресурстары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү.

4-глава. Кызматтын функциялары

  1. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) мамлекеттик суу саясатын иштеп чыгуу боюнча функциялар:

- суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;

- бассейн пландарын иштеп чыгууну уюштурат жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;

- башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине улуттук суу секторунун туруктуулугун камсыздоо, суу ресурстарын түгөнүүдөн жана булгануудан коргоо, суу ресурстарынын жарандык жана өнөр жай объекттерине, суу фондунун жана айыл чарба багытындагы жерлерге жана табигый экосистемаларга тийгизүүчү зыяндуу таасирин алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу менен байланышкан адаптациялык чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- экономиканын жана калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;

- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды изилдөө, пайдалануу жана коргоо боюнча сунуштарды киргизет;

- суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу жана коргоо боюнча долбоорлорду, пландарды иштеп чыгууну камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды, анын ичинде максаттуу жана ведомстволук программаларды, ошондой эле ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган башка иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат жана катышат;

2) мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу боюнча функциялар:

- Министрлик менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерин жана башка документтерди белгиленген тартипте даярдоого, кол коюуга жана жүзөгө ашырууга катышат;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында топтолгон суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүгө белгиленген тартипте катышат;

- суу ресурстарынын эсебин алууну уюштурат;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин, скважиналарды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү аткаруучунун функцияларын аткарат;

3) суу ресурстарын интеграциялык башкаруу боюнча ишти жөнгө салуу функциялары:

- сууларды пайдаланууну жөнгө салуу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;

- суу ресурстарынын бар экендиги жөнүндө корутунду берет жана суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан ишканаларды жана объекттерди долбоорлоодо, жаңыларын курууда жана иштеп жаткандарын реконструкциялоодо макулдашуу берет;

- суу мыйзамдарында каралган учурларда юридикалык жана жеке жактардын сууну пайдалануу укугун чектейт же белгилүү бир мөөнөткө токтотот;

- суу объекттерин, суу чарба системаларын жана курулмаларын эксплуатациялоо режимдерин жөнгө салат;

- Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны иштеп чыгууну, калыптандырууну жана туруктуу иштешин камсыз кылат;

- мамлекеттик суу администрациясынын функцияларын жүзөгө ашырат;

4) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү функциялары:

- башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана суу пайдалануу субъекттери менен өз ара аракеттенүүдө суу ресурстарынын абалына жана аларды пайдаланууга мониторинг жүргүзөт;

- ыкчам гидрологиялык жана гидрогеологиялык маалыматтарды, өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды жана суу ресурстарынын абалынын өзгөрүшүнө жана пайдаланылышына байланыштуу башка актуалдуу маалыматтарды өз ара алмашуу маселелери боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;

- башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана суу пайдалануунун көз карандысыз субъекттери менен өз ара аракетте жер үстүндөгү суу объекттеринен суу алуунун көлөмүн, ирригациялык максаттар үчүн суу берүүнүн көлөмүн эсепке алууну жүзөгө ашырат;

- суу ресурстарын ирригациялык максаттар үчүн пайдалануунун узак мөөнөттүү жана оперативдүү болжолдорун иштеп чыгууну камсыз кылат;

5) суу ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү функциялар:

- Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат менен бирге төмөнкүлөрдүн сакталышын белгиленген тартипте контролдойт:

юридикалык жактар тарабынан сууну алгачкы эсепке алуу ченемдеринин жана эрежелеринин;

суу чарба системаларын жана курулмаларын куруу, коопсуз эксплуатациялоо, күтүү жана оңдоо эрежелеринин, ченемдеринин жана режимдеринин;

6) суу чарба ишин башкаруу жана жөнгө салуу функциялары:

- Кызматка караштуу мекемелердин жана ишканалардын ишин жетектейт;

- суу чарбалык капиталдык курулуш программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырууну уюштурат;

- башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө суу чарба жана сууну коргоо долбоорлоруна, илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, долбоорлоо-изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштерине мамлекеттик контроль жүргүзөт;

- мамлекеттин менчигинде турган ирригациялык курулмаларды эсепке алат;

- сугат суусун берүү келишимдерине ылайык суу алуу, сугат суусун суу пайдалануучуларга ташуу жана жеткирип берүү боюнча ишти координациялайт;

- суу алуу, суу ресурстарын ташуу жана жеткирүү боюнча ишти координациялайт жана жөнгө сапат;

- коллектордук-дренаждык жана агызма сууларды буруу, тазалоо жана кайрадан пайдалануу боюнча ишти координациялайт;

- белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга берилген жерлерде тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча ишти камсыз кылат;

7) суу мамилелерин экономикалык жөнгө салуу функциялары:

- келишимдер боюнча сугат суусун бергендиги үчүн кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн жол-жоболорун жана тарифтерин иштеп чыгат жана Министрликтин кароосуна киргизет;

- суу берүүгө типтүү келишимдерди иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Министрликтин кароосуна киргизет;

- сугат сууну берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн суу пайдалануучулардан төлөмдү чогултууну уюштурат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик баланста турган суу фондун, суу чарба инфраструктурасын башкаруу жана өнүктүрүү максаттарына мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну жөнгө салат жана мониторинг жүргүзөт;

8) кызмат көрсөтүү функциялары:

- түзүлгөн келишимдер боюнча суу берүүнү камсыздайт;

- түзүлгөн келишимдер боюнча гидротехникалык, курулуш жана реабилитациялык иштерди аткарат;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;

9) колдоо функциялары:

- суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча ведомстволук уюмдардын, суу чарба органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле фермердик жана дыйкан чарбалардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар юридикалык жана жеке жактарды окутууну, квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

- суу пайдалануучулар ассоциацияларынын потенциалын чыңдоого жана өнүктүрүүгө методикалык жактан колдоо көрсөтөт;

- ички чарбалык сугаруучу жана дренаждык системаларды өнүктүрүүгө, айылдык калктуу конуштарды жана айыл чарба жерлерин суу каптоонун таасиринен коргоого байланышкан чараларды координациялайт жана колдоо көрсөтөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 69 токтомунун редакциясына ылайык)

5-глава. Кызматтын укуктары жана милдеттери

  1. Кызмат өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдардан Кызматтын функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, сунуштарды жана корутундуларды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- суу ресурстарын башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик программалардын, концепциялардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;

- Кызматтын ишинин маселелери боюнча координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду) органдарды түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча жана анын агынан Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда коргоого;

- өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте меморандумдарды жана макулдашууларды түзүүгө;

- суу чарба багытындагы айрым конструкцияларды жана түйүндөрдү текшерүү, имараттарды жана курулмаларды кабыл алуу үчүн ушул объекттерди эксплуатациялоого берүү үчүн мамлекеттик кабыл алуучу комиссияга тапшырганга чейин жумушчу комиссияларды түзүүгө жана алардын ишин уюштурууга;

- мамлекеттик заказдарды эске алуу менен Кызматтын бюджетин түзүүдө сунуштарды киргизүүгө жана катышууга;

- Бирдиктүү аткаруучунун функцияларын Кызматтын карамагындагы мекемелерге өткөрүп берүүгө;

- Кызматка белгиленген тартипте бекитилип берилген, негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансы ресурстарынан турган мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук уюмдар жана суу чарба ишканалары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик техникалык актыларды чыгарууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө же аны ведомстволук уюмдарга тапшырууга;

- Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарында каралган суу ресурстарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө түрүндө келип түшкөн финансы каражаттарын атайын эсептерде топтоого;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнүүчү, тышкы кредиттик жана донордук колдоо линиясы боюнча келип түшкөн, ошондой эле өзүнүн ишин жүргүзүүнүн натыйжасында топтолгон финансы каражаттарын пайдаланууну жөнгө салууга;

- күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн суу мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө материалдарды даярдоого жана укук коргоо органдарына же сот органдарына берүүгө;

- сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;

- суу мыйзамдарында каралган учурларда суу пайдалануу укугун чектөөгө же токтотуп турууга;

- суу мыйзамдарында каралган учурларда суу чарба системаларын, курулмаларды жана суу пайдалануучу ишканаларды курууну, реконструкциялоону, кеңейтүүнү, калыбына келтирүүнү жана эксплуатациялоону белгилүү бир мөөнөткө токтотуп турууга;

- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө Кызматтын адистери үчүн квалификацияны жогорулатууну, семинарларды, тренингдерди өткөрүүнү, тажрыйба алмашууну камсыздоого;

- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 69 токтомунун редакциясына ылайык)

6-глава. Кызматтын мүлкү жана финансысы

  1. Кызматтын иши төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:

- республикалык бюджеттин;

- милдеттүү пландык оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча сугат суусун берүү жана гидротехникалык иштерди аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн;

- инвестициялардын жана гранттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын.

  1. Кызмат ага суу ресурстарын башкаруу, жөнгө салуу, сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле мамлекеттин менчигинде турган ирригациялык жана башка суу чарба системаларын жана курулмаларын күтүүгө, эксплуатациялоого жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджеттик жана башка каражаттарды тескөөчү болуп саналат.

7-глава. Кызматтын түзүмү жана анын ишин уюштуруу

  1. Кызматты Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп саналган директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
  2. Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлери, анын ичинде директор жана директордун орун басарлары мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
  3. Директор:

- Кызматка жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын жана ыйгарым укуктардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүү үчүн берет;

- Кызматтын мекемелеринин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгашалар сметасын бекитет;

- белгиленген тартипте Министрликке Кызматтын мекемелерин жана ишканаларын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизет;

- Кызматтын мекемелеринин жана ишканаларынын ишин уюштурат жана контролдойт;

- Кызматтын борбордук аппаратынын кызматчыларын жана мекемелердин жетекчилерин Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

- Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун бекитет;

- өзүнүн орун басарларынын жана Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин белгилейт;

- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды чыгарат жана белгиленген тартипте ведомстволук ченемдик актыларды бекитет;

- Кызматтын балансында турган мүлктү жана каражаттарды башкарат, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кызматтын финансылык жана чарбалык-тескөө ишин уюштурат;

- мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана чет өлкөлүк уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, Кызматтын атынан келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзөт, бул аракеттерди аткарууга ишеним каттарды берет;

- өз компетенциясынын чегинде Кызматтын борбордук аппаратынын, мекемелердин жана ишканалардын кызматчыларын сыйлайт, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Кызматта директордун орун басарларынын кызмат орундары каралат.
  2. Директордун орун басарлары министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кызматтын директоруна түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Кызматтын ишин уюштурат.

Кызматтын директору ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын директордун орун басарларына өткөрүп берүүгө укуктуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы N 264 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Кызматта коллегия түзүлөт. Директор жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын курамы Кызматтын директорунун сунушу боюнча Министрликтин буйругу менен бекитилет.
  2. Кызматтын мекемелери жана ишканалары өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат, Кызматка түздөн-түз баш иет жана өз иштери жөнүндө отчет берет.
  3. Кызматта илимий-техникалык эксперттердин жумушчу топтору уюштурулушу мүмкүн.

8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу тартиби

  1. Кызматты кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
  2. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын уюштуруу жана архивдик документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылууга жана сакталууга тийиш.

СРК

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы

Күн тартиби

Иш күндѳрү:

Дүйшѳмбү- Жума 9:00 дон - 18:00 го чейин 

Дем алыш күндѳрү:

Ишемби, Жекшемби

Байланыштар

Дареги:

Кыргызстан, Бишкек, 720055

ул. Токтоналиева, 4 "А"

Телефон:

+996 312 54 90-95 (кабылдама)

Факс: 

+996 312 54 90-95

E-mail:

svr@water.gov.kg

 

 

Top
We use cookies to improve our website. By continuing to use this website, you are giving consent to cookies being used. More details…