Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация Департаментине караштуу суу пайдалануучулар ассоциацияларынын Республика боюнча 2016-жылы сугат мезгили бүткөндөн кийин, дефекттик актыларды түзүштү, андан кийин 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында СПАлар 2017-жылдын сугат мезгилине даярдоо боюнча пландар түзүлүп, пландарды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, райондук жана облустук администрация башчылары тарабынан бекитилди.
Кезектеги он бешинчи суу ресурстарын интегралдуу башкаруу боюнча Улуттук Кеңешмесинин Координациялык совети Бишкек шаарында 2016-жылдын 9-октябрында болуп өттү. Координациялык советтин он бешинчи кеңешмесинин отурумунда Кыргыз Республикасынын, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин отурумунун жүрүшүндө негизги маселелер, анын ичинен ден-соолук жана суу проблемасынын Протоколунун контекстинде каралуучу шмердүүлүк, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу багытында иштелип чыгуучу улуттук көрсөткүчтөр, ошондой эле Кыргызстандагы суу тематикасы боюнча иш алып барган долбоорлордун ишмердүүлүгүн жалпы координациялоо маселелери каралган. Жыйынтыгында, толкулоонун жүрүшүндө сын-пикирлер менен сунуштар берилип, кийинки Кеңешмеде эске алуу менен иштердин аткарылышы боюнча баяндап берүүсү сунушталган.