2022-жылдын 1-сентябрына карата сугатка суу берүү планда 4866,6 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 4748,6 млн.м3 сугат суу берилген, план 98% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 496,4 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 3198,5 миң га каралса, иш жүзүндө 3055,7 миң га аянт сугарылып, план 96% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 288,8 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 3055,7 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугаты менен 241,0 миң га, биринчи сугат менен 954,5 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 1856,0 миң га, себүү алдындагы сугат менен 3,9 миң га жана күздүк ным топтоо сугат менен 0,3 миң га аянт сугарылган.
Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 443,9 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 430,1 млн.м3 сугат суу берилген, план 97% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 8,6 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 305,0 миң га каралса, иш жүзүндө 291,1 миң га сугарылып, план 95% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 9,8 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 291,1 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 51,1 миң га, биринчи сугат менен 58,0 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 182,0 миң гектар аянт сугарылган.
Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда 924,7 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 879,6 млн.м3 сугат суу берилген, план 95% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 86,3 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 633,3 миң га каралса, иш жүзүндө 602,1 га сугарылып, план 95% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 78,3 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 602,1 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 28,51 миң га, биринчи сугат менен 126,7 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 446,8 миң гектар аянт сугарылган.
Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда 698,9 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 718,9 млн.м3 сугат суу берилген, план 103% аткарылып, өткөн 2021-
жылга салыштырмалуу 76,1 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 456,0 миң га каралса, иш жүзүндө 467,5 миң га сугарылып, план 103% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 45,1 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 467,5 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 33,3 миң га, биринчи сугат менен 124,8 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 309,4 миң гектар аянт сугарылган.
Ысык-Көл облусу боюнча сугатка суу берүү планда 397,6 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 384,6 млн.м3 сугат суу берилген, план 97% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 276,6 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 276,6 миң га каралса, иш жүзүндө 263,3 миң га сугарылып, план 95% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 4,7 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 263,3 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 35,5 миң га, биринчи сугат менен 138,7 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 89,0 миң гектар аянт сугарылган.
Нарын облусу боюнча сугатка суу берүү планда 494,2 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 474,3 млн.м3 сугат суу берилген, план 96% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 47,9 млн.м3 суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянты планда 284,9 миң га каралса, иш жүзүндө 244,7 миң га сугарылып, план 86% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 миң гектар аянт көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 244,7 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 31,7 миң га, биринчи сугат менен 114,4 миң га. экинчи жана кийинки сугат менен 98,6 миң гектар аянт сугарылган.
Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1353,2 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 1273,4 млн.м3 сугат суу берилген, план 94% аткарылып, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 214,9 млн.м3 көлөмдөгү суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянт планда 951,7 миң га каралса, иш жүзүндө 891,9 миң га сугарылып, план 94% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 141,6 миң гектар көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 891,9 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 43,1 миң га, биринчи сугат менен 280,8 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 564,0 миң гектар, себүү алдындагы сугат менен 3,7 миң га жана күздүк ным топтоо сугат менен 0,3 миң га аянт сугарылган.
Талас облусу боюнча сугатка суу берүү планда 554,1 млн.м3 каралса, иш жүзүндө 587,7 млн.м3 сугат суу берилип, план 106 % аткарылды, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 29,3 млн.мз суу көбүрөөк берилген. Бардык сугаруу аянт планда 291,0 миң га каралса, иш жүзүндө 295,2 миң га сугарылып, план 101% аткарылган, мында өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 11,9 миң гектар аянты көбүрөөк сугарылган.
Сугарылган 295,2 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугат менен 17,8 миң га, биринчи сугат менен 111,0 миң га, экинчи жана кийинки сугат менен 166,2 миң гектар жана себүү алдындагы сугат менен 0,2 миң га аянт сугарылган.