2018-жылдын 24-25-апрель күндөрү Ташкентте "Бассейндик Кенештер,жеринде суу ресурстарын комплекстүү башкаруу принциптеринин негизин ишке ашыруу" жөнүндө регионалдык тренинг болуп өттү. Жолугушууда Борбор Азиянын жана Ооганстандын өкүлдөрү катышты.
Эл аралык тажрыйбасы жана бассейндик уюмдардын иштешинин мисалдары, бассейндик уюмдарды түрлөрү тууралуу Джонатан Лаутзе(Эл аралык суу ресурстары институту) жана Элизабет Яари (Суу боюнча эл аралык Стокгольм институту) чыгып сүйлөштү.
Тренингдин жүрүшүндө бассейндик кеңештердин иштешинин жоболору; кеңештерди түзүүдөгү укуктук негиз жана кызыкдар тараптарды тартуу боюнча өз тажрыйбасы менен Борбор Азиядагы регионалдык экологиялык борбордун өкүлдөрү бөлүшүп кетишкен. Өзүнчө темада үлгүлүү мисал катары Казахстандын Балхаш-Алакөл бассейндик кеӊешинин иш жүргүзүүсү жана бассейиндик келишимдин түзүшү тууралуу айтып беришкен.
Пятница, 27 Апрель 2018 11:23
Ташкентте "Бассейндик Кенештер,жеринде суу ресурстарын комплекстүү башкаруу принциптеринин негизин ишке ашыруу" жөнүндө регионалдык тренинг болуп өттү
Published in
Жанылыктар
Login to post comments